• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Казакстанда Улуттук гвардиянын жоокери «өзүн-өзү атып» каза болду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 24.01.19 /Кабар/. Казакстанда Улуттук гвардиянын жоокери өзүн-өзү атып каза болду. Бул тууралуу мекеменин «Түндүк» аймактык командачылыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, окуя шаршембиге оогон түнү Алматы облусунун Узынагаш айылына жакын жердеги №28237 аскер бөлүгүндө болгон.

«23-январда болжол менен түнкү саат 1:35терде ички күзөттө турган катардагы жоокер Уласбек Кожан башына ок атып, алган жаратынан каза болгон», — деп жазылган мекеменин расмий билдирүүсүндө. Анда Кожан аскерге былтыр июнда Астана шаарынын коргоо иштери боюнча департаменти тарабынан чакырылганы белгиленген.

Аймактык командачылыктын басма сөз кызматы Алматынын аскердик-тергөө башкармалыгы тарабынан тергөө иштери башталганын билдирди. «Учурда кызматтык териштирүү жүрүп жатат. Окуянын чоо-жайы такталууда», — деп жазылган билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий