• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Казакстанда улуттук парктар инвесторлорго пайдалануу үчүн берилет

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 14.04.21. /Кабар/. Казакстанда «Алтын Эмел», «Көлсай көлдөрү» жана «Шарын» улуттук паркындагы жер тилкелери туризмди өнүктүрүү максатында үч инвесторго узак жылга пайдаланууга берилет. Бул үчүн атайын тендер өткөн. Бул тууралуу Экология, геология жана табигый ресурстар министрлиги кабарлады.

Улуттук паркты өнүктүрүү концепциясын жүзөгө ашыруу үчүн жалпысынан 14,5 млрд теңге (33,5 миллион доллар) көлөмүндө инвестиция тартылат.

Министрлик парктарда заманбап визит борборлору, глэмпингдер, кемпингдер, эко-мейманканалар жана башка объектилер куруларын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий