• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Казакстанда унаа жолдордун жети тилкесинен акы алына баштады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 23.11.21. /Кабар/. Казакстанда республикалык маанидеги кан жолдордун жети тилкесинен 23-ноябрдан баштап акы алына баштады. Бул тууралуу "КазАвтоЖол" ишканасы билдирди.

Акы биринчи категориядагы төрт тилкелүү жолдордон алына баштады. Алар: Нур-Султан — Павлодар, Капшагай — Талдыкорган, Тараз — Кайнар, Чымкент — Тараз, Чымкент — Кызылорда, Чымкент — Ташкент, Щучинск — Кокшетау.

Ушул тапта жергиликтүү жеңил автоунаа ээлери жылдык абонементти 1000 теңгеге (2,3 доллар) сатып алышса болот.

Бийлик жолдон алынган акы трассаларды өнүктүрүүгө жумшаларын билдирген.

Айдоочулар чогултулган каражат максаттуу колдонуларынан күмөн санашат. Оор машинелердин айдоочулары жолдордун сапатына даттанып, быйыл жайында акы алуу планына нааразылыгын билдирип чыгышкан.

Пикир

Оставить комментарий