• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Казакстанда уран концентратын сатууга шектелгендер кармалды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 28.10.19. /Кабар/. Казакстандын Кызылордо облусунда жүргүзүлгөн рейддин алкагында «радиоактивдүү заттарды мыйзамсыз сатууга» шектелип төрт киши кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, рейд маалында шектүүлөрдөн 240 килограммдан ашык уран концентраты алынган.

— Адистер уран концентраты кооптуу радиоактивдүү зат болуп эсептелет деген корутунду чыгарышты. Андагы радиациянын деңгээли нормадан көп эсеге жогору жана адамдардын саламаттыгына олуттуу коркунуч келтирет, — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Тергөөнүн маалыматына караганда, радиоактивдүү зат өлкөдөгү ванадий химиялык элементин иштетүү боюнча кендердин биринен уурдалган.

Казакстанда уран иштетүү боюнча ондон ашык ишкана бар. Бийлик өлкө ичинде уран продукциясы сатылбай турганын билдирип келет.

Пикир

Оставить комментарий