• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакстанда утилизациялык алым 50% азаят

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 24.02.22. /Кабар/. Казакстанда автоунаалар жана айыл чарба техникасы үчүн жыйнала турган утилизациялык алымдын өлчөмү 50% чейин төмөндөтүлөт. Бул тууралуу өлкөнүн вице-премьери Роман Скляр 23-февралда мамлекеттик "Хабар 24" телеканалына берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бардык транспорттук каражаттар менен айыл чарба техникасы үчүн утилизациялык алымды 50% төмөндөтүү жөнүндө чечим кабыл алынды.

Ушул тапта өлкө боюнча мындай алымдар 447 теңгеден (1,1 доллар) 5,9 млн теңгеге (13,480 доллар) чейин жетет.

Буга чейин жарандар өнүккөн өлкөлөрдө утилизациялык алым 100 миң теңгеден ашпай турганын, айрым мамлекеттерде кайра иштетүүчү заводдор өзүн-өзү актай турганын айтып келишкен.

19-январда казак өкмөтү Токаевдин тапшырмасы менен "Оператор-РОП" компаниясын утилизациялык алымдарды жыйноо укугунан ажыратып, бул милдетти мамлекеттик "Жасыл даму" ишканасына жүктөгөн. Ага чейин президент бул компаниянын ишмердүүлүгү коомчулук менен ишкерлердин "көптөгөн суроолорун жаратып жатканын" айтып, утилизациялык алымдарды жыйноо менен мамлекеттик орган алектениши керектигин билдирген.

Пикир

Оставить комментарий