• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакстанда Рузахуновдун кармалышы. КР ТИМ казак элчисине нота тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 09.01.22. /Кабар/. Жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда Казакстанда болуп өткөн массалык башаламандыкка катышты деп шектелип кыргызстандыктын кармалганы тууралуу видео сюжеттин тарашына байланыштуу бүгүн, 2022-жылдын 9-январында КР Тышкы иштер министрлигине Казакстандын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Рапиль Жошыбаев чакырылды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө КР тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров Казакстан элчиси Рапиль Жошыбаевге Кыргызстандын жараны В.Рузахуновдун камалышына байланыштуу министрликтин нотасын тапшырды. Викрам Рузахуновго консулдун жолугушуусун тез арада камсыз кылууга жана аны жакынкы арада бошотууга чакырды.

Өз кезегинде, Казакстандын элчиси кыргыз тарабынын тынчсыздануусу Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин жетекчилигине тез арада жеткирилерин айтып, жакынкы аралыкта кеңири маалымат берүүнү убадалады. Ал азыркы оор кырдаалда Казакстандын компетенттүү органдары болгон окуянын бардык жагдайларын жана себептерин тактоо үчүн кылдат иликтөө жүргүзөт деп ишендирди.

Мындан сырткары, КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары М.Сыздыков жана Казакстандын элчиси Р.Жошыбаев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, аталган жаран менен байланышкан кырдаал боюнча кыргыз тарабынын өтө тынчсыздануусун билдирди.

Н.Ниязалиев казак тарабын Казакстандагы акыркы окуяларга чет элдик жарандардын катышуусу боюнча текшерилген жана ишенимдүү маалыматтарды гана жарыялоого чакырды. Ошондой эле консулдук мамилелер боюнча эл аралык жана эки тараптуу документтердин талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын жарандарынын кармалышы тууралуу өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө өз убагында маалымат берүү зарылдыгын белгиледи.

Мындан тышкары, КР Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директору В.Рузахуновдун жакындары менен жолугуп, анын жүрүшүндө бардык жагдайларды тактоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берип, министрлик тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жана аталган жаранды тезинен бошотуу боюнча бардык мүмкүн болгон аракеттер көрүлөрүн ишендирди.

Жарандарга консулдук-укуктук жардам көрсөтүүнүн алкагында министрлик Казакстан Республикасынын аймагындагы Кыргызстандын ар бир жаранына ар кандай жардам көрсөтүү боюнча бардык чараларды көрүп жатат.

Ошону менен бирге КР тышкы иштер министри Р.Казакбаев Казакстандын ТИМнин жетекчилиги менен туруктуу байланышта жана Казакстандын аймагында жашап жана эмгектенип, тактап айтканда, базарларда жана башка иштерде иштеп жатышкан мекендештерибиздин маселеси министрдин өзгөчө көзөмөлүндө.

Пикир

Оставить комментарий