• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Казакстанда өзбек жарандары бараткан автобус кырсыкка учурады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 06.03.19 /Кабар/. Батыш-Казакстан облусунда Өзбекстандын жарандары бараткан кичи автобус кырсыкка учурады. Бул тууралуу өзбек ЖМКлары Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар комитетинин басма сөз кызматына шилтеме кылып жазышты.

Маалыматка караганда, кырсык шейшембиге караган түнү Самара – Шымкент унаа жолунда болгон. Кичи автобустун ичиндеги 15 кишинин эч кимиси жабыркаган эмес. Алар дароо жакынкы айылдагы жылынуу пунктуна жеткирилген.

Кышкысын Казакстандын жолдорунда бузулуп калган автобуста бараткан өзбек жарандары сууктан куткарылгандыгы тууралуу маалыматтар байма-бай келип турат.

Пикир

Оставить комментарий