• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакстанда өзгөчө абал 1-майга чейин узартылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 15.04.20. /Кабар/. Казакстанда өзгөчө абал режими 1-май күнү таңкы саат 7:00гө чейин узартылды. Маалымат Казакстан президентинин расмий сайтында жарыяланды.

Казакстанда өзгөчө абал 16-мартта киргизилген. Бул режим 15-апрель күнү таңкы саат 7:00дө аягына чыкмак.

19-марттан тартып Нур-Султан жана Алматы шаарлары карантинге жабылган. Кийинчерээк карантин чаралары башка аймактарга да киргизилген.

Казакстан бийлиги өзгөчө абалга байланыштуу кирешесинен ажырагандарга 42 500 теңге (95 доллар) төлөөгө убада берген.

Казакстанда коронавирус инфекциясын жуктурган кишилердин саны 1232ге жетти.

Пикир

Оставить комментарий