• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Казакстанда өзгөчө абал маалында дээрлик 1,8 миллион адамга жөлөк пул берилди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 13.04.20. /Кабар/. Казакстанда өзгөчө абал мезгилинде 1 миллион 779 жаран жөлөк пул катары 42 500 теңгеден алышты. Бул тууралуу өлкөнүн эмгек жана социалдык коргоо министри Биржан Нурымбетов билдирди.

Анын айтымында, жөлөк пул алуу үчүн жалпысынан 4 миллион 900 миң киши арыз менен кайрылган.

«Биз кайрылуулардын ар бирин текшерүүгө аргасыз болуп жатабыз. Анткени алардын 1 миллион 200 миңге жакыны бири-бирин кайталайт. Чыныгы адамдардын саны 3 миллион 700. Арыздарда каталар көп, көпчүлүгү жеке идентификациялык номурларын, банк эсептерин туура эмес көрсөтүшкөн. Мындайлардын саны 150 миңге жакын», — деди министр.

Акыркы маалыматтар боюнча Казакстанда 973 адамдын коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Алардын ичинен 11и каза болуп, 99 киши айыкты.

Пикир

Оставить комментарий