• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Казакстанда өзгөчө абал режими 11-майга чейин узартылат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27.04.20. /Кабар/. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдө өзгөчө абал режимин 11-майга чейин узартуу тууралуу жарлыкка кол кое турганын билдирди.

«Казакстан коронавирустун жайылуусунун туу чокусунан толук өтө элек жана абалдын көзөмөлдөн чыгып кетүү коркунучу бар. Ошол эле маалда Мамлекеттик комиссия вирустун жайылуусу көзөмөлдө болгон облустар менен шаарларда карантиндик режимди жумшартууга даяр», — деп жазылган президенттин билдирүүсүндө.

Ошондой эле Касым-Жомарт Токаев Мамлекеттик комиссияга Нур-Султан жана Алматы шаарларынын мисалында аймактарда иштей баштай турган ишканалардын тизмесин түзүү тапшырмасы берилгенин кошумчалады.

Мындан тышкары билдирүүдө карантин маалында кирешеси жок калган жарандар кийинки айда да 42 500 теңгеден социалдык жардам алары жазылган: «Кайрадан арыз жазуу керек эмес. Жөлөк пул буга чейин жөнөтүлгөн документтердин негизинде төлөнөт».

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча Казакстанда 2780 адам коронавирус жуктурганы аныкталды. Алардын ичинен 25и каза болуп, 682 бейтап айыгып чыкты.

Пикир

Оставить комментарий