• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакстанда өзгөчө абал шартында иштөө үчүн запастагы 470тен ашуун аскер кызматкери чакыртылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 10.04.20. /Кабар/. Казакстанда атайын бөлүккө 473 киши жазылды, алардын 71и офицер, 402си сержант жана запастагы жоокерлер. Бул тууралуу Казакстан Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Серик Бурамбаев онлайн-брифинг учурунда билдирди.

Ал чакырылгандардын көбү ыктыярчылар экенин баса белгиледи.

- Атайын бөлүккө чакырылган аскер кызматкерлери блокпосттордогу тапшырмаларды аткарат, санитардык-эпидемиологиялык иштерди жүргүзүүгө тартылат, алардын бир бөлүгү ыкчам штабдын курмында болот, – деди Бурамбаев.

Ал өзгөчө абал учурунда атайын курамдын иштөө мөөнөтү үч айдан ашпай турганын кошумчалады.

Ушу тапта Нур-Султан, Алматы шаарларында, Алматы, Кызылордо, Павлодар жана Акмоло облустарында атайын бөлүктөр түзүлдү. Актөбө жана Атырау облустарында өзгөчө абал шартында иштөө үчүн аскерлерди чакыруу иши уланууда.

Атайын бөлүктөрдү түзүү жөнүндөгү жарлыкка Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 2-апрелде кол койгон. Анын максаты Куралдуу күчтөрдүн аймактагы аскерлеринин санын толуктоо болуп эсептелет.

Казакстанда коронавируска байланыштуу 16-марттан тартып өзгөчө абал киргизилген. 10-апрелге карата өлкөдө 802 киши ооруну жуктуруп алды, беш киши көз жумду.

Пикир

Оставить комментарий