• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Казакстанда «өзгөчө» номурларды сатып алууга уруксат берилди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 25.01.18 /Кабар/. Казакстанда жеке автоунаалар үчүн мамлекеттик каттоо белгисин мыйзамдуу сатып алууга уруксат берилди. Бул тууралуу «Жарандар үчүн өкмөт» мамлекеттик корпорациясынын расмий өкүлү Мурат Жуманбай Фейсбук баракчасына жазды.

Буга чейин казакстандыктар мамлекеттик номурдагы сандарды гана тандап алууга укуктуу болушкан. Бул кызмат жол полициясындагы коррупцияга каршы күрөшүү максатында 2014-жылы киргизилген. Өткөн жылы эле «өзгөчө» номурларды сатуудан 1,5 миллиард теңге (4,5 миллион доллардан ашык) каражат түшкөн.

Жаңы тартип боюнча эми номурдагы тамгаларды дагы тандап алууга мүмкүн болот. Мурат Жуманбайдын айтымында, каттоо бөлүмдөрүндө каалаган номур жок болгон учурларда, атайын кагаз толтуруп аны даярдоого тапшырык берүүгө болот.

010, 050, 707 сыяктуу «өзгөчө» номурлардын баасы 400 доллардан башталат.

Номурдагы тамгаларды дагы тандап алууга мүмкүн болгон 001, 007 жана 777 номурлары 2 миң доллардан жогору баада сатылат.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий