• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Казакстанда жүк ташуучу поезд КамАЗ менен кагылышты, бирөө жабыркады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 13.09.18. /Кабар/. Казакстандын Атырау облусунда “Атырау-Астрахань” каттамы боюнча жүк ташыган поезд КамАЗ менен сүзүшкөн, жүк ташуучу унаанын айдоочусу ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу облустун Өзгөчө кырдаалдар департаментинин басма сөз кызматы билдирет.

Ведомствонун маалыматы боюнча, кырсык кечээ темир жолдун көзөмөлдөнбөгөн аймагында болгон.

“Кырсыктын натыйжасында КамАЗдын айдоочусу 1969-жылы туулган айдоочу ар кандай жаракаты менен райондук ооруканага жаткырылган”, - деп РИА Новостиге басма сөз кызматынан билдиришкен.

Кырсык башка поезддердин каттамына залакасын тийгизген эмес.

Пикир

Оставить комментарий