• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Казакстанда жүргүнчү поезддин жүк вагонунда өрт чыкты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 14.12.20. /Кабар/. Мангистау облусундагы Мангышлак - Актөбө багытында каттаган жүргүнчү поезддин жүк вагону өрттөнүп, беш киши жабыркады. Алардын арасында бир бала бар. Бул тууралуу 14-декабрда Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Бейнеу районунда бараткан жүк вагондон өрт чыкканы тууралуу кабар өрт өчүрүүчүлөргө таңкы саат 5:30 чамасында түшкөн.

Жүк вагонундагы беш киши (бирөө бала) Бейнеу айылындагы ооруканага жеткирилген. Алар ар түрдүү даражада күйүк алышкан.

Баштапкы маалыматтар боюнча, өрттүн чыгышына жүк вагонундагы газ баллонунун жарылышы себеп болгон. Эртең мененки саат 7ге карата өрт толугу менен өчүрүлгөнү кабарланды. Өрт жүргүнчүлөр вагонуна жайылган эмес. Поезд таңкы саат 9да Актөбө станциясына жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий