• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакстанда жарандык активисттер батыш лидерлерине кат жөнөтүштү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 31-июль /Кабар/. Алматада жыйырмадан ашуун активист 29-июль күнү башкы почтадан айрым Европа өлкөлөрүнүн башчыларына, Европа биримдигине, ЕККУга жана эл аралык демократиялык уюмдарга кат жолдошту. Алар Казакстандагы адам укуктарынын бузулушуна көңүл бурууга чакырышууда.

Катта жарандык активисттер Макс Бокаев, Талгат Аян, диссидент Арон Атабек, журналисттер Жанболат Мамай, Сейтказы менен Асет Матаевдер, профессор Саят Ибраев, «Казатомпром» компаниясынын мурдагы президенти Мухтар Жакишев, укук коргоочу Вадим Курамшин, блогер Санат Досов, кесиптик кошуун лидерлери Нурбек Кушакбаев жана Амин Елеусиновду камактан бошотуп, аларга козголгон кылмыш иштерин токтотууну талап кылышууда.

Активисттер Алматанын борборунда орун алган Желтоксан эстелигине барышып, гүл коюшту. Андан соң Башкы почтага чейин жөө жүрүш жасашып, ал жерде батыш лидерлерине кат жөнөтүштү.

Полиция эч кимди кармаган жок.

Пикир

Оставить комментарий