• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Казакстанда жарым миллион киши коронавируска каршы эмдөөдөн өттү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 16.04.21. /Кабар/. Казакстанда 15-апрелге карата 505,5 миң киши коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Алардын ичинен 108 миңи же өлкө калкынын 0,6 % вакцинанын эки компонентин тең алышты.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Алматы шаарында 107,2 миң ( жалпы тургундардын 5,5%), Алматы облусунда 59 миң жана Нур-Султанда 43,5 миң (жалпы тургундардын 3,7%) киши эмдөөдөн өттү.

Казакстанда коронавируска каршы Орусиянын «Спутник V» вакцинасы менен жапырт эмдөө иши 1-февралда башталган. Алгач медицина кызматкерлери, мугалимдер жана күч түзүм кызматкерлери эмделген. 1-апрелден тартып башка категориядагы жарандарга да вакцина сайыла баштаган.

Буга чейин өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги эмдөө иштери жай жүрүп жатканы тууралуу сын-пикирлерге жооп берип, вакцина жетишпей жатканын билдирген. Ошол эле маалда калк арасында сунушталып жаткан вакцинанын коопсуздугунан күмөн санаган жарандар да көп болуп жатканы айтылууда.

18 миллион калкы бар Казакстанда бүгүнкү күндө коронавирус жуктургандар дээрлик 279 миң кишиге жетти.

Пикир

Оставить комментарий