• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Казакстанда жасалма эмдөө паспорту боюнча дагы 26 иш тергелүүдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 07.09.21. /Кабар/. Казакстандын Каржы көзөмөлү агенттиги вакцинанын жалган паспортун жасоо фактылары боюнча 13 аймакта сотко чейинки 26 ишти карай баштады.

Маалыматка караганда, 86 киши жоопкерчиликке тартылышы ыктымал.

Агенттик кабарлагандай, кезектеги факт Орол шаарындагы ооруканалардын биринде катталган. Медицина кызматкери бир нече адам менен жашыруун келишим түзүп, Саламаттык сактоо министрлигинин “Вакцинация” аттуу электрондук модулуна жарандардын эмдөө алганы жөнүндө жалган белги койгон. Бул үчүн акча алган. Натыйжада 15тен ашык кишиге вакцинация боюнча жалган документ берилген.

Тапшырык бергендердин басымдуу бөлүгү – мектепке чейинки билим берүү мекемелери менен соода тармагынын кызматкерлери.

Казакстанда эмдөө паспорту коронавируска каршы препараттын эки дозасын алгандарга берилет. Өлкөдө 6-сентябрдан баштап эмдөө албагандарды иши чектелери айтылган. Вакцина албаган кызматкерлер 15 күн сайын ПЧР-тест тапшырууга милдеттүү.

Пикир

Оставить комментарий