• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Казакстанда жасалма паспорт менен Сириянын жарандары кармалышты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

БИШКЕК, 23.08.17. /Кабар/. Казакстан бийликтери жасалма паспорт менен Сириянын сегиз жараны кармалганын билдиришти.

Өлкөнүн Чек ара кызматы тараткан маалыматка ылайык, алардын алтоо Алматы аэропортунан кармалган. Алар Тегерандан келип, Казакстанды транзиттик өлкө катары пайдаланып, Евробиримдикке кирүүнү көздөшкөнү маалым болду. Ал эми дагы экөө Британияга чыгып кетүү үчүн Астана аэропортуна барган кезде кармалышкан.

Казакстандын Улуттук коопсуздук кызматына караштуу Чек ара комитетинин кабарлашынча, кармалгандардын жанынан "жарым-жартылай жасалма" Болгариянын паспорттору чыккан. Тактап айтканда ал паспорттордун бир барагы алмаштырылып, жасалма штамптар коюлган.

Сириядагы жарандык согушта 2011-жылдан бери 300 миңдей адам курман болуп, миллиондогондор үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болушту.

Пикир

Оставить комментарий