• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Казакстанда жашаган кыргызстандыктарга медициналык камсыздандыруу жеткиликтүү болот

Коом 0

Бишкек, 17-июль /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаевдин буйругуна ылайык, 2018-жылдын 1-январынан тарта медициналык кызматтар республиканын жарандарына жана анын аймагында жашаган мигранттарга камсыздандыруу полюсу боюнча сунуштала баштайт.

“Кыргызстан - Астана” кыргыз этномаданий бирикмесинин төрагасы Шавкат Исмаилов билдиргендей, миграциянын өсүшү мигранттарга да, алар келген өлкөгө да көйгөйлөрдү жаратууда. Медициналык тейлөө жана билим алуунун жеткиликтүүлүгү олуттуу маселелерден болуп саналат.

“Бүгүнкү күнү мигрант аялдар көбөйдү, буга байланыштуу медициналык кызматтар, мектепке чейинки жана мектептик билим алуу маселелери курчуду”, - деп белгиледи Исмаилов.

Кыргызстандын жарандары үчүн медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгү 2018-жылдан тарта камсыздандыруу полюсунун пакети, аларды алуу укугу Казакстандын жарандарына катарлаш эле берилет.

“Медициналык кызматтар 2018-жылдын 1-январынан баштап эки пакет сунушталат: биринчиси – ыкчам медициналык жардам алуу боюнча минималдык пакет, экинчиси – Казакстандын медмекемелеринде дарылануу жана анализ тапшыруу камтылган кеңири пакет”, - деп айтып берди Астананын саламаттык сактоо башкармалыгынын өкүлү Ляззат Идрисова.

Камсыздандыруу полюсу мигранттарга алардын статусуна жараша берилет. Жумуш берүүчү менен келишим түзүүдө камсыздандыруу полюсу иштеген жери боюнча түзүлүп, анын маалыматтары миграция кызматына берилип, Казакстанда жүрүүсү расмий бекиген соң берилет. Эгерде мигрант жеке ишкерлик менен алектенсе, анда полюсту түзүү үчүн миграция кызматына кайрылып, өзүнүн ишмердиги тууралуу билдирүү керек. Жумушсуз мигранттар үчүн полюс алуу калкты иш менен камсыздоо борборлоруна кайрылуудан соң гана мүмкүн. Камсыздандыруу полюсун түзүүнүн кыска мөөнөтү 1 ай, баасы 4 миң теңге.

Ошондой эле, Казакстандын аймагында Кыргызстандын жарандары үчүн камсыздандыруу полюсун ачуу үчүн маалыматты 189 номери аркылуу алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий