• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Алматыда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Д.Асылбек уулу 10 жылга соттолду

Коом 0

Бишкек. 24.04.19 /Кабар/. Казакстанда аткезчиликке айыпталган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу 10 жылга эркинен ажыратылды, – деп жазат tengrinews.kz.

Алматы шаарынын райондук соту Дамирбек Асылбек уулун эки берене боюнча күнөөлүү деп тапты.

Бул иш боюнча соттук жараян былтыр октябрда башталган. Анда Асылбек уулунан тышкары дагы 11 адам айыпталуучу катары өтүп жатат, алардын экөө кыргызстандык.

Аларга карата "экономикалык аткезчилик" жана "трансулуттук уюшкан топко" тиешеси бар деген айыптар тагылган.

Тергөөнүн версиясы боюнча айыпталуучулар Кытайдан мыйзамсыз түрдө Казакстан менен Россияга товарларды ташып келишкен.

Алматыда камакка алынган кыргызстандык депутат Дамирбек Асылбек уулунун паспорту жараксыз деп табылган. Учурда ал Кыргызстандын жараны катары соттолууда.

2018-жылы февралда Казакстанда аткезчиликке шектүү катары кармалган 29 кишинин арасында Кыргызстандын үч жараны, алардын ичинде Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу да бар экени белгилүү болгон.

Кийин анын казак паспорту да бар экени аныкталган соң Борбордук шайлоо комиссиясы Асылбек уулун депутаттык мандаттан ажыраткан.

Пикир

Оставить комментарий