• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Казакстанда жол эрежелерин бузуу үчүн каралган жазалар жеңилдетилүүдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 20.12.17 /Кабар/. Парламент мажилисинин депутаттары Административдик мыйзам бузуу жөнүндөгү кодексти талкуулашууда. Ага ылайык, жол кыймыл эрежелерин бузуу үчүн каралган жазаны жеңилдетүү сунушталууда.

Кодекске киригизилип жаткан өзгөртүүлөрдө жогорку ылдамдык үчүн берилген айыппулду төмөндөтүү каралган. Эгер азыркы мыйзамда айыппулдун көлөмү 10 айлык эсептик көрсөткүч болсо, (бир айлык эсептик көрсөткүч 2 269 теңгеге барабар) долбоордо сумманы беш айлык көрсөткүчкө төмөндөтүү сунушталууда.

Тыюу салынган белгилерге карабай, каршы тилкеге чыгуу, бурулуш жасоо учурунда айдоочулар айдоочулук күбөлүктөн бир жылга ажыратылат. Жаңы долбоордо бул мөөнөттү алты айга чейин кыскартуу сунушталууда.

Жыл башында Казакстандын Башкы прокуратурасы айыппулдарды көбөйтүү маселени чечпей турганын айтып, мыйзамды жумшартуу сунушун берген. Прокуратура аргумент катары акыркы 15 жылдан бери айрым айыппулдар он эселеп жогорулаган маалда калктын кирешеси азайганын белгилеген.

Казакстан жол кырсыктардын кесепетинен өлгөн кишилердин саны боюнча дүйнөдө алдынкы орундарда турат.

Пикир

Оставить комментарий