• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Казакстанда жол кырсыгына кабылган КР жарандарына меджардам алууга жана Мекенге кайтууга кантип жардам беришкен?

Коом 0

Бишкек, 05.06.18. /Кабар/. Май айынын аягында Казакстандын Актөбө облусундагы Самара-Шымкент унаа жолунда кыргыз жарандары бар унаа жол кырсыгына кабылгандыгы тууралуу маалымат чыккан. Кырсыктан үй-бүлөдөн бир нече адам жабыркаган. Ошондой эле маалыматта кыргыз жарандары Россиядан мекенине кайтып келе жаткандыктары айтылган.

Эмне болгондугу жана кыргызстандыктар кандай жардам алып, үйлөрүнө кайтууга ким жардам бергендигин билүү максатында “Кабар” агенттиги кырсыктан жабыркаган үй-бүлө башчысы Боромбаев Жыргалбекке кайрылды.

“Мен Өзгөндө төрөлүп өскөм, мына 9 жылдан бери Орусияда иштеп жашап келем. Балдардын окуусу аяктагандан кийин үстүбүздөгү жылдын 18-майында аялым, 3 балам менен жеңил унаада Кыргызстанга жол тарттык. Казакстандын аймагында жайгашкан Актөбе шаарында авто кырсыкка кабылдык. Баарыбыз ооруканага жаткырылып, көбүнчө аялым жана кичүү кызым катуу жаракат алышты.

Эки жашы жете элек балдарым менен ооруканадан анча алыс эмес жерден батир жалдадык. Бөтөн элде, бөлөк жерде бир дагы таанышың жок эч нерсе кыла албайт экенсиң. Астана шаарындагы Кыргызстандын элчилигине телефон чалып элчи Алмаз Байбосов менен сүйлөшүп, жагдайды толук түшүндүрүп бердим. Ал мени кунт коюп уккандан кийин Актөбөдөгү бейтапкананын дарыгерлери менен сүйлөшүп берди, алар бизге бардык медициналык керектөөлөрүбүздү акысыз көрсөтүп беришти.

Кийинки күнү эле мага диаспоранын Астанадагы өкүлү Шавкат Исмаилов телефон чалды, ал биздин акыбалыбызды түшүнүп тургандыгын айтып, бир аз өзүңөргө келип эс алгыла жана мен сиздерди үйүңүздөргө жетип алууңуздарга жардам берем деп айтты.

Ал учурда аялымдын, балдарымдын абалдары жакшырып калган, биз дагы үйгө кетели деп турганбыз. Кыргызстандагы Кызыл Ай коому бизге поездден бир купени толугу менен сатып беришти. Удербай Нурлан-Казакстандагы Кызыл Ай коомунун өкүлү биздин кыйын акыбалда тургандыгыбызды билип, аялымды ооруканадан чыгарып темиржол бекетине чейин жетип алууларыбыз үчүн атайын тез жардам унаасын, жолдо тамактануубузга деп 50 миң теңге өлчөмүндө каражат дагы бөлүп беришти. Ошондой эле биз менен КР Улуттук Кызыл Ай коомунун үй-бүлө байланыштарын калыбына келтирүү долбоорунун координатору Салтанат Абдыжапарова байланышып, Чудан бизди тез жардам унаасы дарыгерлер менен тосуп алышты, Манас аэропортуна жеткиришип, андан ары Ошко жол тартуубузга көмөк көрсөтүштү. Манас Эл аралык аэропортунун президенти Эмир Чукуев, чет өлкөдө иш сапарында жүргөндүгүнө карабастан баардыгын кабардар кылып койгондуктан бизди кызматкерлер тосуп алышты, дарыгерлер көзөмөлдөн өткөрүштү жана учактын рейсин күтүү үчүн бөлмө бөлүп беришти.

Биз азыр үйдөбүз, аялым жана кичүү кызым дарыланууларын Өзгөн шаардык бейтапканадан улантып жатышат.

Өз кезегинде мен кыйын учурда жардамга келген адамдарга ыраазычылыгымды билдирип кетким келет. Кыргызстандын Астана шаарындагы элчилиги, Казакстандагы диаспора, Казакстандын жана Кыргызстандын Кызыл Ай коомдоруна. Ал эми мекендештерге болсо, сиздер жалгыз эмессиздер, ар дайым кыйын учурларда колун суна турган адамдар бар деп айткым келет. Бири-бириңиздерге жардам көрсөтүп, кайрымдуу болуңуздар!”,-дейт Боромбаев Жыргалбек

Пикир

Оставить комментарий