• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Казакстанда жол кырсыгына кабылган кыргыз жараны көз жумду

Коом 0

Бишкек, 27.08.19. /Кабар/. Казакстанда жол кырсыгына кабылган кыргызстандык жаран ооруканадан көз жумду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Министрликтен белгилешкендей, кырсык 25-август күнү “Алматы-Бишкек” жолунун 132-чакырымында болгон. Анда “Тойота Ист” менен “Тойота Камри 30” унаалары кагылышкан. Жол кырсыгынан жаракат алган КРнын 1992-жылы туулган В.А. жана 2001-жылы туулган В.И. аттуу жарандары Узынагаш айылында жайгашкан Жамбыл райондук ооруканасына жеткирилишкен.

Казакстандын Алматы облустук полиция департаменти билдиргендей, 26-август күнү кечинде оор абалда жаткан 27 жаштагы В.А. көз жумган.

Учурда КРнын Алматы шаарындагы башкы консулдугу жабыр тарткандардын туугандарына керектүү укуктук жардам көрсөтүп, маркумдун сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү боюнча иш алып барууда.

Учурда жол кырсыгы боюнча тиешелүү тергөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий