• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакстанда жол кырсыгынан беш адам каза болду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 15.01.18. /Кабар/. Казакстандын батышындагы Атырау-Астрахань унаа жолундагы эки жеңил унаанын кагылышуусунан төрт адам каза болуп, дагы бешөө ар кандай жаракат менен ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу аймактык ATPress басылмасы Атырау облусунун ички иштер департаментинин басма сөз катчысы Назымгүл Кайсагалиевага шилтеме берүү менен билдирет.

Жол кырсыгы жекшемби күнү болгон.

“Hyundai Accent жана ВАЗ-21015 унаалары бетме-бет кагылышкан. Кырсык болгон жерде ВАЗ-21015 унаасынын 60 жаштагы айдоочусу жана төрт жүргүнчү каза болгон – 1977-1961-жылдагы эки аял, 1989-1958—жылы туулган эки эркек”,-деп маалымдайт басылма.

Hyundai Accent унаасынын айдоочусу жана төрт жүргүнчүсү (арасында жаш балдар бар) Аккистау райборборунун ооруканасына жеткирилген.

Бир катар экспертиза дайындалып, иликтөө иштери башталды.

Булак: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий