• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакстанда жол кырсыгынан КР жарандары жабыркап, экөө каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 26.02.18. /Кабар/. Казакстанда болгон жол кырсыгынан кыргызстандык жарандары жабыркап, экөө каза болду,-деп билдирет “Замандаш” ассоциациясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн болжол менен саат 5:30 чамасында Алмата облусунун Таргал айылында болгон. “Тойота Эстима” үлгүсүндөгү минивен 6 жүргүнчүсү менен Алматадан Бишкекке бара жаткан. Жолдун тайгактыгынан улам айдоочу рулду башкара албай автобусту барып сүзгөн.

“Замандаш” ассоциациясынын өкүлү Сыдыков Алтынбектин айтымында, унаада КРдин 7 жараны болгон. Алган жаракаттан улам Жалал-Абал облусунун Г.Абдуллатипов жана С.Матишов аттуу жарандары каза болгон.

“Айдоочу Кыргызстандын жараны, учурда оор абалда Алмата облусундагы Узунагаш айылындагы ооруканада, ошол эле жерде дагы бир жабыркоочу жатат. Бишкектин ооруканасына орточо даражадагы жаракат алган бир адам жиберилген”,-деп билдирди ал.

Пикир

Оставить комментарий