• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Казакстанда жолдо калган 55 өзбек мигранты куткарылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 14.02.18. /Кабар/. Повладарда полиция кызматкерлери облус борборуна жетпей жолдо бузулуп калган автобустун жүргүнчүлөрүнө жардам берди.

Салондо Өзбекстандын 55 жараны болгон. Алар Орусияга баратышкан. Патрулдук полиция кызматкерлери автобусту Достык айлынын жанынан табышкан. Алар жүргүнчүлөрдү кыштактагы мектепке жеткирип, ысык тамак менен камсыздашкан. Полициячылар Өзбекстан жарандарын башка автобус менен Орусия чек арасына чейин жеткиришкен.

Жыл башынан бери Павлодар жолдорунда ушуну менен үчүнчү жолу эмгек мигранттары бараткан автобус бузулду.

Пикир

Оставить комментарий