• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Казакстанда жолдо калган автобус жүргүнчүлөрү куткарылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 23.01.18 /Кабар/. Өзбекстан менен Тажикстандын жарандарын ташыган эки автобус Акмоло облусундагы жолдо калды.

Астана – Петропавловск трассасында Van Hool үлгүсүндөгү автобус күйүүчү майы тоңуп жүрбөй калган. Казакстан полициясы билдиргендей, салондо 43 жүргүнчү – эки айдоочу жана Түштүк-Казакстан облусу менен Өзбекстан жарандары болгон.

Куткаруу кызматы жүргүнчүлөрдү Шортанды районунун Бозайгыр айлындагы жылынуу пунктуна алып келип, ысык тамак беришип, түнөө үчүн орун камдашты.

Дүйшөмбүгө караган түнү полиция кызматкерлери Буланды районунда Мерке-Тюмень каттамы боюнча баратып бузулуп калган Setra автобусунун айдоочуларына жана жүргүнчүлөрүнө жардам көрсөтүшкөн. Салондо 55 киши болгон.

Катуу сууктан улам Акмоло облусунда коомдук транспорт үчүн бардык багыттар боюнча жолдор жабылды. Полиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

Өткөн аптада Казакстандын Актөбө облусундагы Самара-Шымкент автожолунда жүргүнчү ташыган автобус өрттөнүп, 52 киши каза болгон. Алардын баары Орусияга иштегени бараткан өзбек жарандары экени аныкталды. Беш киши гана аман калган.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий