• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Казакстанда жоокер кызматташын атып салды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 02.04.18. /Кабар/. Талдыкоргон шаарындагы аскердик комиссариаттын имаратында жоокерлердин бири кызматташын атып салды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.

Казакстандын Коргоо министрлиги окуя 31-мартта Алматы облусунун коргонуу иштери боюнча департаментинде болгонун кабарлады.

Мекеменин ишембидеги расмий билдирүүсүндө бул факты боюнча тергөө иштери башталганы жазылган. Бирок анда окуянын чоо-жайы айтылган эмес.

Жергиликтүү басылмалар окуя болгондон кийин Талдыкоргон аскер комиссариатынын имараты курчоого алынып, полиция жана аскер прокуратурасынын кызматкерлери иштеп жаткандыктарын кабарлашкан.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий