• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Казакстанда жоокер өзүн-өзү атып каза болду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 17.06.21. /Кабар/. Казакстандын Орол шаарында башына ок тийген аскер кызматкери каза болду.

Маркум жоокер кызмат өтөп жаткан №5517 аскердик бөлүктүн командиринин орун басары Жанибек Сарсенов окуя 16-июнь күнү эртең менен болгонун билдирди. Анын айтымында, аскер кызматкери түзөтүү абагындагы нөөмөттө турганда өзүн-өзү башка атып жиберген.

«Тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилди, бирок өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон жок. Азыр тергөө иштери жүрүп жатат, кеңири маалымат кийинчерээк берилет», — деди Сарсенов.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, маркум жоокер армияга Актөбө шаарынан чакырылган.

Май айында Жамбыл облусундагы №82796 аскердик бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан катардагы жоокер казарманын төртүнчү кабатынан секирип мерт болгон.

Былтыр март айында Алматы облусунда 19 жаштагы аскер кызматкери каза болгон. Ал Капшагай шаарындагы №65476 аскер бөлүгүндөгү
мунарадан секирип кеткен.

Пикир

Оставить комментарий