• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Казакстанда жоолукчан окуучулардын ата-энелери айып пулга жыгылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 12.09.18. /Кабар/. Түркстан облусунун Фердауси айлында жоолуктарын чечүүдөн баш таркан кыздарын колдоп, мектеп алдына нааразылык акциясына чыккан 8 окуучунун ата-энеси айып пулга жыгылды.

Төрт кишиге административдик кодекстин “Бийлик өкүлүнүн мыйзамдүү өкүмүнө баш ийбөө”, дагы төрт кишиге “Бейбаштык” беренеси боюнча протоколдор түзүлүп, сот тарабынан ар түрдүү жаза чаралары дайындалды.

Мектеп директору Жанар Мамырова жоолук салынган төрт кыз сабакка келип жатканын айтты. Эки окуучунун ата-энесине билим берүү департаменти протокол түздү. “Жаңы окуу жылы башталгандан бери 15 окуучу башка мектептерге которулду. Жоолугун чечкен 10 кыз менен психологдор иштеп жатат”, — деди Мамырова.

6-сентябрда Фердауси айлында жоолугун чечпеген 13 окуучунун ата-энесине беш минималдуу айлык көрсөткүч эсебинде (30 доллардын тегереги) айып пул салынган.

Облустук ички иштер департаментинин билдиришинче, ата-энелерге бирдиктүү мектеп формасы тууралуу буга чейин түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

2016-жылы Билим берүү министрлиги мектепке кайсы бир динге үгүттөгөн кийим кийип келүүгө тыюу салган буйрук чыгарган. Андан бери казакстандык ондогон ата-энелер "жоолук салынганы үчүн балдарыбызды мектепке киргизбей жатат" деп сотко доо арыз менен кайрылышкан. Соттор ата-энелердин дооматтарын карап, ишти Билим берүү министрлиги менен мектептин пайдасына чечип койгон.

Пикир

Оставить комментарий