• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Казакстанда «зордукталган баланын» иши боюнча сот башталды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27.09.18. /Кабар/. 26-сентябрда Түркстан облусунун райондор аралык соту Абай айылында кичинекей баланын сексуалдык зомбулукка кабылышы боюнча козголгон кылмыш ишти карай баштады. Отурум жабык өтүүдө.

26-сентябрдагы сотко айыпталуучу менен жабырлануучудан тышкары алардын мыйзамдуу өкүлдөрү жана адвокаттар катышты. Ишти сот арачылары кароодо.

Өткөн айда өлкөнүн Башкы прокуратурасынын тергөө тобу бул иш боюнча ондон ашык экспертиза өткөрүлгөнүн билдирген.

Буга чейин Башкы прокуратура төрт шектүүнүн бирөөсү гана 14 жашка чыкканын кабарлаган. Анын аракеттери «Кичинекей балага карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөтүү» беренеси боюнча каралууда. Калгандарына карата кылмыш иши токтотулган. Мыйзамга ылайык, Казакстанда 14 жашка чейинкилердин кылмыш жоопкерчилигине тартылышына жол берилбейт.

Абай айылында кичинекей балага карата ыктымал зомбулук көрсөтүлгөндүгү тууралуу маалымат быйыл марттын ортосунда пайда болгон. Айылдын 60 жаштагы тургуну Шарипа Батырбекова небереси былтыр августтан бери «бир канча жолу сабалып, зордукталганын» билдирген. Анын бул боюнча жазган арызын жергиликтүү полиция үчүнчү жолкусунда гана араң кабыл алган.

Бул окуя социалдык түйүндөрдө жана ЖМКларда чоң резонанс жараткан. Буга байланыштуу аймактын бийлиги бир нече кызмат адамы жумуштан алынганын жарыялаган.

Пикир

Оставить комментарий