• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакстандагы башаламандыкта 225 адам каза болгон

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 17.01.22. /Кабар/. Казакстандагы башаламандыкта 225 адам каза болсо, 4,5 миңден ашуун киши жабыркаган. Бул тууралуу ЖМКлар жазышты.

Маалыматка ылайык, жабырланучулардын саны 4 миң 578ди түзсө, анын ичинен 4 миң 353ү жараат алган, алардын катарында 3 миң 393 полиция кызматкери бар.

"Өзгөчө абал учурунда өлкөнүн өлүкканаларына каза болгон 225 адам жеткирилген, алардын ичинде 19 полиция жана аскер кызматкерлери. Каза болгондордун айрымдары "“террордук чабуулдарга катышкан, имараттарга жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кол салган куралдуу бандиттер"", - деп айтылат маалыматта.

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, каза болгон 225 адамдын 175и медициналык мекемелерде жан берген.

Пикир

Оставить комментарий