• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Казакстандагы гранттык орундарга документтерди кабыл алуу убактылуу токтотулду — Билим берүү министрлиги

Билим 0

Бишкек, 01.04.20. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги коронавирус боюнча дүйнөдөгү кырдаалга байланыштуу Казакстандын жогорку окуу жайларындагы беш гранттык орун үчүн документтерди кабыл алуу убактылуу токтоду. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Эскерте кетсек, Казакстан 2020-2021-окуу жылына карата кыргызстандыктар үчүн 5 гранттык орун бөлгөн болчу. Бакалавриат программасына 3 жана магистратурга 2.

"Документтерди кабыл алуунун кайра башталышы тууралуу кошумча маалымат берилет", - деп кошумчалашты министрликтен.

Пикир

Оставить комментарий