• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакстандагы кинофестивалда “Курманжан Датка” тасмасы көрсөтүлөт

Маданият 0

Бишкек, 15.11.18. /Кабар/. Казакстандагы эл аралык кинофестивалда атайын программанын алкагында “Курманжан Датка” тасмасы көрсөтүлөт. Бул тууралуу “Айтыш” коомдук фондунун маалымат-катчысы Чолпон Идрисова билдирди.

Шакен Аймановдун эл аралык кинофестивалы Алмата шаарында 17-21-ноябрь күндөрү өтөт. Бул фестивалга көптөгөн кинематографисттер катышып, дүйнөлүк жана казакстандык мыкты тасмалар көрсөтүлөт.

Бул иш-чарада кыргыз кинорежиссеру, продюсер жана Лос-Анжелестеги эл аралык Asian World Film Festival Азия кино фестивалынын негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз сынактык программасынын төрагасы болот.

Белгилей кетсек, кыргыз кинорежиссеру Темир Бирназаровдун “Түнкү кырсык” тасмасы фестивалдын баш байгесине ат салышат.

Пикир

Оставить комментарий