• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакстандагы нааразылык акциялары. ЖККУ тынчтык орнотуучу күчтөрүн жөнөтөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 06.01.22. /Кабар/. Жамааттык коопсуздук келишим уюму Казакстанга өз күчтөрүн жөнөтөт. Бул тууралуу ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин төрагасы, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян билдирди.

«Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин кайрылуусуна байланыштуу жана Казакстан Республикасынын улуттук коопсуздугуна жана эгемендигине, анын ичинде тышкы кийлигишүүлөрдөн келип чыккан коркунучту эске алуу менен ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңеши, Жамааттык коопсуздук келишиминин 4-беренесине ылайык, бул өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу жана нормалдаштыруу максатында ЖККУнун Жамааттык тынчтык орнотуучу күчтөрүн Казакстан Республикасына чектелген мөөнөткө жөнөтүү чечимин кабыл алды», — деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий