• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Казакстандагы түрмөдө КР жараны ачкачылык жарыялап, оозун тикти

Коом 0

Бишкек, 02.03.18. /Кабар/. Казакстандын Тараз шаарындагы түрмөдө жаткан Кыргызстандын жараны ачкачылык жарыялап, оозун тиккен,-деп билдирет Акыйкатчынын басма сөз кызматы.

Аларга Тараз шаарындагы 158/4 мекемесинде жаза өтөгөн 3-топтогу майып Э.Тентемишев ачкачылык жарыялап, оозун тигип алгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Тентемишевдин билдирүүсүнө ылайык, анын себеби 158/4 мекемесинин жетекчилиги тарабынан аны улутуна карата кодулап жатканын болгон.

Акыйкатчы Кубат Оторбаев Казакстандын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Аскар Шакировго кайрылып, Тентемишевдин укугун коргоого көмөктөшүүнү, эгерде анын айтканы далилденсе, айыптууларды жоопко тартууну суранган.

Ошондой эле, Акыйкатчы институту Тентемишевди Кыргызстанга экстрадициялоо мүмкүнчүлүгүн караштырыш үчүн Башкы прокуратурага жана Тышкы иштер министрлигине кат жөнөттү.

Пикир

Оставить комментарий