• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Казакстандагы темир жол кырсыгынын башкы себеби катары «жолдордун абалы» каралууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 26.06.18. /Кабар/. Жамбыл облусундагы темир жол кырсыгынын болжолдуу себеби катары «жолдордун абалы» каралууда. Бул тууралуу өкмөттүн 26-июндагы жыйынынан кийин журналисттерге өлкөнүн Инвестициялар жана өнүгүү министри Женис Касымбек билдирди.

«Негизги версия — жолдордун абалы. Жазында жүргүзүлгөн оңдоо иштеринин сапаты, ар жылкы текшерүүлөр жана жолдордун каралышы боюнча суроолор бар», — деди Касымбек.

17-июнда Астана-Алматы каттамы менен бараткан жүргүнчү ташыган поезд Жамбыл облусундагы Сарышаган - Шу темир жол бөлүгүндө кырсыкка учураган. 20 вагондун сегизи жолдон чыгып кетип, экөөсү капталына оодарылган. Кырсыктан 23 жүргүнчү, анын ичинде Караганда облусунда жашаган өспүрүм жаракат алган.

Учурда атайын түзүлгөн комиссия бул боюнча тергөө иштерин жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий