• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Казакстандагы жол кырсыгынан төрт кыргызстандык каза болуп, бирөө жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 17.01.20. /Кабар/. Казакстандын "Самара – Шымкент" жолунда бара жаткан унаа жол кырсыгына кабылды. Унаада бара жаткан Кыргызстандын төрт жараны каза болуп, бирөө жабыркаган. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 16-январда Казакстандын Актөбе облусунун "Самара – Шымкент" трассасында "ВАЗ 21070" үлгүсүндөгү унаа жол кырсыгына кабылган. Унаада бара жаткан 28, 27, 25 жана 19 жаштагы төрт кыргызстандык каза болгон.

Ошондой эле 1997-жылы туулган К.Г., аттуу кыргыз жараны жабыркаган, ал Казакстандын Ыргыз районунун ооруканасына жеткирилген.

Кырсыктан каза болгондордун сөөгү Ыргыз районунун ооруканасынын өлүкканасына жеткирилген. Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан сотко чейинки тергөө иш-аракеттери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий