• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Казакстандан КРга балдардын туубаса өөрчүү ооруларына алып келүүчү байытылбаган ун ташылууда

Коом 0

Бишкек, 2-март /Салтанат Абдраева – Кабар/. Казакстандан КРга балдардын туубаса ооруларына алып келүүчү байытылбаган ун ташылууда. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” маалымат агенттигиндеги маалымат жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев билдирди.

Анын айтымында, өкмөт бул маселени чечүүгө тийиш. Бирок коомчулуктун жардамысыз мүмкүн эмес. “Эл байытылбаган унду колдонуунун кесепеттерин билиши керек. Мындай унда эч кандай витамин жок, бул бизде балдардын өөрчүү кемтиктери менен туулушуна алып келүүдө. Азыркы тапта кыргыз рыногуна байытылбаган ундун алынып келиниши боюнча маселени көтөрүү зарылдыгы турат”, - деди О.Артыкбаев.

Ошондой эле, депутат рынокту витаминдер менен байытылган ун менен камсыздоо нерв түтүктөрүнүн кемчиликтери бар балдардын санынын азайышын шарттайт деп белгиледи. Белгилей кетсек, 3-мартта жыл сайын Бүткүл дүйнөлүк туубаса өөрчүү ооруларын алдын-алуу күнү белгиленет.

Пикир

Оставить комментарий