• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакстандан КРга дарыя кечип өтүүгө аракет кылган кыргызстандык кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.02.19. /Кабар/. Казакстандан Кыргызстанга дарыя кечип өтүүгө аракет кылган кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирет.

Алардын маалыматына ылайык, кечээ Чүй облусунун чек ара башкармалыгы кыргыз-казак чек-ара тилкесинде Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз өтүп келүүгө аракет жасаган КРнын жаранын кармашкан.

“Кыргызстандык кыз Казакстандан Кыргызстанга Чу дарыясын кечип өтүп келүүгө аракет жасаган. Анын жанында өздүгүн тастыктай турган документтери болгон эмес”, - деп билдирет ведомстводон.

Тиешелүү документтер толтурулгандан соң, кармалган жаран УКМКнын аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий