• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Казакстандан Кыргызстанга мыйзамсыз кирүүгө аракет кылган жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.02.21. /Кабар/. КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чүй облусу боюнча Чек ара кызматынын чек арачылары 2021-жылы 24-февралда мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган кыргызстандыкты кармашты. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чек арада кызмат өтөп жаткан кызматкерлер Казакстандан Кыргызстанга багыт алып, мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган жаранды кармашкан.

Сурамжылоонун жүрүшүндө мыйзам бузуп кармалган жаран 1974-жылы туулган КР жараны “К.А.” экени белгилүү болгон.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран мындан ары териштирүү үчүн компетенттүү орган кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий