• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакстандан Оштогу ун комбинатына 210 тонна ун келди

Аймак 0

Бишкек, 19.03.20. /Кабар/. Бүгүн, 19-мартта Ош шаарындагы «Тулпар» ун комбинатына 210 тонна ун келди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жакынкы күндө 650 тонна буудай келет. Заводдун жетекчилигинин маалыматы боюнча, заводдо ун чыгаруу иштери уланууда.

Ош шаарында 1-сорттогу бир кап ундун баасы 1350 сом болууда, аны шаар мэри Таалайбек Сарыбашов өзү көзөмөлдөө.

"Бүгүн шаардагы борбордук ун базарга 120 тонна, Кулатов кичи районуна 30 тонна, Фурхат айылында 30 тонна ун сатылды. Эртең, 20-мартта Ош шаарынын 7 муниципалдык аймактык башкармалыгында ун сатыкка чыгат", - деп кошумчалашты мэриядан.

Пикир

Оставить комментарий