• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Казакстандан вагондор Кыргызстанга штаттык режимде келип жатат - Ногойбаев

Коом 0

Бишкек, 02.11.17 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Казакстандан вагондор Кыргызстанга штаттык режимде келип жатат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине “Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасынын директору Алмазбек Ногойбаев билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин Улуттук ишкер кеңешинин жыйынында бизнестин өкүлү Иван Десятников казак тарап КРга Казакстандан келе жаткан вагондорду кармап жатканын билдирген. Ал Кыргызстанга үчүнчү өлкөлөрдөн келе жаткан бардык вагондор Казакстандын аймагында 101% текшериле турганы тууралуу расмий билдирүү алганын айткан.

Бирок, Ногойбаев Десятниковдун маалыматын төгүндөп, вагондор Кыргызстанга кечикпей келип жатканын айтты.

“Бизде эч кандай кечигүү жок, бардык вагондор штаттык режимде келип жатышат. Казакстандан көмүр да келе баштады”, - деп билдирди ал.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 10-октябрында Казакстан Кыргызстан менен чек арада текшерүүнү күчөткөн. Кийинчерээк маселе жарандар жана бош унаалар үчүн чечилген. Бирок жүк жүктөлгөн унаалар маселеси ачык бойдон калууда. Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда сүйлөшүүлөр уланууда.

Пикир

Оставить комментарий