• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Казакстандык каратист Гафурова Азия оюндарында алтын медаль утту

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27.08.18. /Кабар/. Казакстандык каратэ чебери Гузалия Гафурова Жакартада өтүп жаткан Азия оюндарында 68 кило салмакта алтын медаль утту. Ал финалда кытайлык Тан Линьлинди жеңди. Гафурова ага чейин Өзбекстан, Иран жана Вьетнамдан келген атаандаштары менен күч сынашкан.

Казакстан каратэ чебери 2014-жылдагы Азия оюндарында да чемпион болгон. Инчхондо да Гафурова кытайлык спортчусун жеңген.

Учурда Казакстан алты алтын, сегиз күмүш жана 28 коло медалы менен жалпы командалык эсепте он биринчи орунду ээледи. Казакстанга биринчи алтын медалды фехтования боюнча чебер Дмитрий Алексанин алып келген. Велосипедчи Алексей Луценко эки жолу чемпион болду. 25-августта жиу-житсу боюнча мелдеште казак атлеттери Дархан Нортаев менен Руслан Исраилов алтын медаль тагынышты.

Азия оюндары 2-сентябрда аягына чыгат.

Пикир

Оставить комментарий