• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Казакстандык куткаруучулар Тянь-Шань тоолорунда жоголгон альпинисттерди издөө иштерин улантты

Коом 0

Бишкек, 22.08.19. /Кабар/. Казакстандык куткаруучулар Тянь-Шань тоолорунда жоголгон казакчтандык альпинистрдерди издөө иштерин улантты. Бул тууралуу Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргенин tengrinews.kz жазып чыккан.

"Бүгүн, саат 08:40та издөө иштерин жүргүзүү үчүн Алматы облусунун "Каркара" лагеринен Казавиаспасанын Ми-171 борту учуп кеткен. Тоолордо аба-ырайы ачык", - деп жазылат маалыматта.

Кечээ, тоодо кар жаагандыктан, издөө иштери убактылуу токтотулган.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын тоолорунда жоголгон Мурат Отепбаев, Андрей Корнеев жана Александр Чечулин аттуу казакстандык жарандар изделүүдө.

Пикир

Оставить комментарий