• 84.8
  • 101.57
  • 1.12

Казакстандык кыргыз келиндер өмүрүнүн аягына чейин жүгүнүшөт

Коом 0

Маалыматтарга караганда Казакстанда 29803 тегерегинде кыргыздар жашашат. Алар негизинен шаар жергелеринде, Астана, Алматы, Тараз, Ак төбе, Шымкент аймактарынан орун алышкан. Ошондой эле, Казакстанда жашаган кыргыздардын каада-салттары кандай? Казактардын салттарын кабыл алышканбы? Кыргыз тилин сактап калышканбы? Ушул суроолорго жооп төмөнкү материалда.

Казакстандагы этникалык кыргыздардын негизги бөлүгү базарларда кийим сатып, дүкөн ачып иштешет. Алар негизинен орус жана казак тилинде билим алышат. Ошондуктан алардын тилине, каада-салттарына казактар өз таасирин тийгизген.

Казакстандагы этникалык кыргыздардын каада-салттары жөнүндө маалымат алуу үчүн Таразда жашаган этникалык кыргыз Динара эже менен баарлаштык.

“Негизинен биз казактардын бир канча салтын кабыл алганыбыз. Балдарыбызды кыргыз мектеп жок болгондуктан, казак жана орус тилдеринде окутабыз. Ошондой эле казактардан кыз алып, кыз беребиз. Алгач кыз узатуу жөнүндө айтып берсем. Бизде кыздарга күйөө жак калың акча алып келет. Эң аз 500 миң тенгеден (кыргыз акчасында 100 миң сомдон ашык) 2000 миң долларга чейин калың акча беришет. Эгер андан аз болсо уят болуп саналат. Кызды узаткандан кийин эртеси күнү күйөөнүн үйүндө " Бет ачар" болуп өтөт. Анда жаңы келин кайын-журтуна жүгүнүп салам берип акча алат, анан келиндин бетин ачышат . Ошондой эле, жаңы келин кайын-журтуна, кошуналарына келген конокторго таттуу чай берет. Тойдон кийин милдеттүү түрдө таттуу чай ичкенге келишет. Анын мааниси өмүрү таттуу болсун дегенди билдирет”, - дейт Динара эже.

Ошондой эле, анын айтымында, келин жаңы келгенден баштап кайнатасына, кайненесине өмүрүнүн акырына чейин күндө эртең менен 3 жолу жүгүнүп салам берет.

“Ал эми күйөөнү тойдон кийин “Үй көрсөтүү” деп кыздын үйүнө чакырышып конок кылышат . Анда күйөөгө кыздын үйүн көрсөтүп, кымбат заттарды белекке беришет. Бул тойдон кийин сөзсүз өткөрүлөт. Дагы бизде маанилүү болуп бала 1- класска барганда "Тил ачар" тоюн өткөрөт. Анын мааниси бала жакшы окусун билимдүү адам болсун деп элге той берет. Ошондой эле, бешик той бала төрөлгөндөн кийин жана тушоо кесүү бала 1 жашка толгондо өткөрүлөт”, - деп жыйынтыктады Динара эже.

Гулнара Тажиханова

Пикир

Оставить комментарий