• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакстандык спортчу Паралимпиадада алтын медаль утуп алды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 14.03.18. /Кабар/. Пхёнчханда өтүп жаткан Кышкы Паралимпиада оюндарында казакстандык Александр Колядин 1,5 чакырымдык чаңгы жарышында биринчи орунду алды. Бул – Паралимпиада боюнча Казакстан тарыхындагы алгачкы алтын медаль.

Финалга казакстандык спортчу 4 мүнөт 19,7 секундада келди.

Экинчи орунду жапониялык Йошихиро Нитта камсыздады. Коло медаль канадалык чаңгычы Марк Арендске тийди.

Паралимпиадага казакстандык алты спортчу жана бир гид-спортчу катышууда. Өлкө мелдешке чаңгы жана биатлон чеберлерин жөнөткөн. Оюндар 18-мартта аягына чыгат.

Пхёнчхандагы Кышкы Олимпиадада Казакстан медалдык эсеп боюнча 28 орунга жайгашты. Өлкө курамасы буга чейин бир гана коло медалга ээ болгон.

Пикир

Оставить комментарий