• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Казакстандык турист Ысык-Көлгө унаасы менен атайын кирген

Коом 0

Бишкек, 27-июль /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Казакстандык турист пансионатка баратып жолдон унаасы менен Ысык-Көлгө атайын кирген.

Ысык-Көл облусунун ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдиргендей окуя 23-июлда Бостери айылында “Асыл-Таш” жана “Аалам” пансионаттарынын ортосунда болгон.

“Audi “ үлгүсүндөгү унанын айдоочусу Алматы шаарынын тургуну экени аныкталган. Патрулдук милиция кызматкерлери унаанын ээсин таап, окуяны мамлекеттикэкотехинспекция кызматына билдирген. Ведомствонун адистеринин корутундусунан кийин, казак жаранына 1000 сом өлчөмүндө административдик айып пул салынган”,-дейт Ысык-Көл облусунун ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов.

Ошондой эле, экологияга зыян келтирүү боюнча мыйзам бузууларды мамлекеттикэкотехинспекциясы көзөмөлдөп, милиция кызматкерлери аларга жардам берүүгө гана милдеттүү экенин кошумчалады.

Турист айып пулду дароо 24- июлда төлөгөн.

Пикир

Оставить комментарий