• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Казакстандык укук коргоочуларына камактагы кыргызстандыктарга юридикалык жардам көрсөтүү өтүнүчү айтылды

Коом 0

Бишкек, 10.01.22. /Кабар/. Кыргызстандын Акыйкатчы институту Казакстан Республикасындагы Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнө камактагы кыргызстандыктарга көмөк көрсөтүү жана юридикалык жардам көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды. Бул тууралуу КР Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КРнын Акыйкатчы институту Казакстан Республикасындагы Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Эльвира Азимовага кат жолдоду.

Анда биринчи кезекте 2022-жылдын январь айынын башында Казакстанда болгон окуяларда адамдардын каза болгонуна жана жаракат алгандарына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтылды. «Биз сиздерде болуп жаткан окуяларга кылдат көз салып турабыз жана Казакстандагы кырдаал тезирээк жөнгө салынышын каалайбыз», - деп жазылат катта.

Маалыматта кайрылуунун негизги себептеринин бири кыргызстандыктардын Казакстанда кармалышы, аларды кыйноого алып, акча талап кылгандыгы тууралуу маалымат болгондыгы айтылат.

"Акыйкатчы аппараты Казакстан Республикасындагы массалык башаламандык учурунда жана андан кийин укук коргоо органдары тарабынан кармалган жарандарыбыз тууралуу толук маалымат алууга, ошондой эле ар бир факты боюнча мыйзам чегинде жана акыйкат иликтөө жүргүзүүгө адам укуктары боюнча эл аралык келишимдерге ылайык көмөк көрсөтүүнү өтүнөт. Мындан тышкары, КРнын Акыйкатчы институту Кыргыз Республикасынын ар бир жаранынын укуктарын коргоого, ошондой эле аларга зарыл болгон юридикалык жана медициналык жардам көрсөтүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүнөт. Анын ичинде кыргызстандык эмгек мигранты, 1997-жылы туулган Баялы Төрөгелдиев аттуу жаран бар. Жакындарынын айтымында, ал Шымкентте кармалып, Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан сурак учурунда сабалып, учурда оор абалда, ага медициналык жардам көрсөтүлбөй жатат", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий