• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакстандык Валерия «Тазалыктын» кызматкеринен жоголгон капчыгын алып кетти

Коом 0

Бишкек, 07.09.21. /Кабар/. Бишкекте акчасы, паспорту жана банк карталары менен капчыгын жоготуп алган казакстандык Валерия аларды «Тазалыктын» кызматкерлеринен алып кетти.

Муниципалдык кызматтын басма сөз катчысы Жибек Каракеева билдиргендей, кыз ыраазычылык билдирип, таап алган кызматкерге 2 миң сом берген.

«Капчыктын ээсин табууга жардамдашкандардын барына ыраазычылык билдирем. Силер – мыктысыңар! Эми Бишкекте сиздердин аркаңыздар менен жакшы иштердин саны дагы бирөөгө көбөйдү, дайыма ушундай болсун»,-деп жазган ал.

Пикир

Оставить комментарий